Алгачкы төрт айда Казакстанда автоунаа жолдорунун курулушуна дээрлик 40 миллиард теңге инвестиция жумшалган. Бул тууралуу Finprom kz порталы билдирди. Каражаттын жарымы Алматы облусуна туура келген, бул 20,5 миллиард теңге. Экинчи жана үчүнчү саптарга Актөбе менен Караганды облустары жайгашты.
Белгилей кетүүчү нерсе, жыл башында республикада пайдалануудагы жолдордун жалпы узундугу дээрлик 96 миң чакырымды түзгөн. Алардын болжол менен төрттөн бири эл аралык жана республикалык маанидеги унаа жолдору. Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, кулжа айынын 1не карата Казакстандын магистралдык жолдорунун төрт акы төлөнүүчү бөлүгүнөн түшкөн каражат 2 миллиард 300 миллион теңгени түздү. Өткөн жылы 5,7 миллиард чогултулган. Каражат жолдорду эксплуатациялоого дагы багытталууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков