Касым-Жомарт Токаевдин жети жылдыкпрезиденттиги Казакстандын өнүгүү моделинструктуралык трансформациялоо жана өлкөнүн эл аралык позициясын бекемдөө мезгили болду. Реформалар глобалдык туруксуздуктун фонундаишке ашырылды, бирок республика макроэкономикалык туруктуулукту сактап, туруктуу өсүштү камсыз кыла алды, деп айтылат республиканын премьер-министри Олжас Бектеновдун макаласында. Ал «Казакстанскаяправда» жана «Егемен Казакстан» гезиттеринежарыяланды. Натыйжада өлкөнүн экономикасынын көлөмү 1,7 эсеге өстү. Белгилей кетсек, ага курулуш, транспорт жана тейлөө сектору, ошондойэле кайра иштетүү өнөр жайы негизги салымкошууда. Акыркысынын көрсөткүчтөрү 2,5 эседенашык көбөйдү. Негизги капиталга салынган инвестициялар дагы өстү - 12 жарым триллион теңгеден дээрлик 23 триллион теңгеге чейин. Көңүл борборунда өлкөнүн транзиттик дараметитурат. Жети жылдын ичинде республикада миңгежакын чакырым жаңы темир жолдор курулуп, Каспийдеги порттор модернизацияланды, Транскаспий транспорттук багыты боюнчаташуулардын көлөмү беш эсеге өстү. Бул жетишкендиктердин баары Мамлекет башчысынын Казакстандын мындан аркы туруктуу өнүгүүсүнүнжана казакстандыктардын бакубат жашоосунунбекем пайдубалын түптөөгө болгон умтулуусунчагылдырат. Алар өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорунун негизин да түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

