Өкмөт өткөн жылдагы экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгын жарыялады

Өкмөт өткөн жылдагы экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгын жарыялады

Кайра иштетүү өнөр жайын, курулуш индустриясын жана айыл чарбасын өнүктүрүү ата мекендик экономиканын туруктуулугунун факторуна айланды. Өкмөттүн жыйынында мекеме жетекчилери бардык тармактар ​​боюнча негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү белгилешти. Өлкө өкмөтү быйылкы жылга кандай милдеттерди койду? Кененирээк кабарчынын материалында.

Казакстандын экономикасы реалдуу сектор менен бирге бир жылда 3,1% деңгээлинде бекемделди. Негизги капиталга инвестиция 8 пайызга, республиканын тышкы соода обороту 30 пайыздан ашык өстү. 11 айда 122 миллиард доллардан ашты. Ал эми импорт 45 миллиард долларга жакын болсо, экспорт 77 миллиард долларды түздү. Ошол эле учурда тышкы рынокко кайра иштетилген товарларды жеткирүү дээрлик 34%га өсүп, 24 миллиард долларга жетти.

Алибек Куантыров, улуттук экономика министри:

- Кайра иштетүү өнөр жай тармактар ​​боюнча унаа жасоо 9,4 пайыз, анын ичинде автоунаа жасоо 19,1 пайыз, электр жабдууларын жасоо 22,2 пайызга өсүш менен камсыздалды. Өнөр жайдын төмөнкү тармактарында да өсүш байкалган: тамак-аш өндүрүшүндө - 3,9%, мунайды кайра иштетүүдө - 1,9%, химия өнөр жайында - 10,2%, суусундуктарды өндүрүүдө - 11,2%, желимден жасалган буюмдар - 2,1%, жеңил өнөр жай - 6%га жогорулады.

Алдыдагы жылы экономикалык өсүш 4%дан кем болбошу керек. Тармактарды өнүктүрүүдө өлкөнүн рыногун ата мекендик товарлар менен толуктоого артыкчылык берилиши зарыл. Жыйында министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылга карата милдеттерге токтолду. Алихан Смаилов министрликтерге жана облустун акимдерине жыл аягына чейин 24,5 миллиард доллардан кем эмес инвестиция тартууну тапшырды. Ошондой эле, өкмөт инфляцияны 2 эсеге, 9,5%га төмөндөтүп, чакан жана орто бизнес тармагында иштегендердин санын 3 миллион 800 миң адамга жеткирүүсү керек.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- Ишкердикти өнүктүрүү - туруктуу улуттук экономиканын маанилүү фактору. Бизнес үчүн жаңы жөнгө салуу саясаты так жана адилет болушу керек. Быйылкы жылы тобокелдиктерди башкаруу системаларын автоматташтыруу аркылуу көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу зарыл. Бюджеттик кодексти иштеп чыгуу. Быйыл биз каржы тартибин чыңдап, бюджеттик системанын ачыктыгын кеңейтүүгө тийишбиз. Мындан тышкары, мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу кажет.

Ошондой эле, быйыл өлкөдө менчиктештирүү жараяны улантылат. Мамлекеттин экономикадагы үлүшү ички дүң өнүмдүн 14,4%га чейин төмөндөшү керек. Бул үчүн Комплекстүү пландын басымдуу бөлүгү жакынкы 12 айда аткарылышы кажет. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бардык мерчемдүү көрсөткүчтөрүнө жетишүүнү көзөмөлдөө министрлер менен акимдерге тапшырылды. Жалпы координация вице-премьерлердин көзөмөлүндө болмокчу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков