Казакстан менен Кыргызстан соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Казакстан менен Кыргызстан соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү механизмдерин премьер-министр Олжас Бектенов министрлер кабинетинин башчысы жана Кыргызстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев менен талкуулады. Ал алгачкы расмий сапары менен Астанага келди. Сүйлөшүүлөр тар жана кеңири курамдарда өттү. Тараптар республикалар ортосундагы соода көлөмүнүн өсүшүн белгиледи. Өткөн жылы ал 1 миллиард 700 миллион долларды түзгөн. 2030 – жылга чейин соода алмашууну дээрлик эки эсеге-3 млрд долларга чейин көбөйтүү көздөлүүдө. Маектештер кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде соода, инвестиция, транспорт, суу-энергетика сектору, агроөнөр жай комплекси, туризм жана маданият тармактарын карашты. Өзгөчө көңүл Шу жана Талас дарыялары боюнча вегетация мезгилинде суу менен камсыздоо, Киров суу сактагычынын коопсуз иштеши жана аймактык энергетикалык коопсуздук маселелерине бурулду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Олжас Бектенов Казакстан өкмөтү Кыргызстан менен соода-экономикалык өнөктөштүктүн жогорку динамикасын колдоого даяр экенин ырастады.


Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:


- Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 3 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшту. Өкмөт аны ишке ашыруу боюнча ишти улантууда. Акыркы 15 жылда Казакстандын кыргыз экономикасына салган инвестициясынын көлөмү 1,3 миллиард долларга жетти. Маданий-гуманитардык байланыштар өнүгүүдө. Казак өкмөтү бардык багыттар боюнча Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку динамикасын колдоого дайыма даяр.


Которгон: Илгиз Жамалбеков