КТЖ жарым жылда транзиттик жүктү 40%га көбөйттү

КТЖ жарым жылда транзиттик жүктү  40%га көбөйттү

Казакстан темир жолу 2023-жылдын биринчи жарымында транзиттик жүк жүгүртүүнү дээрлик 40%га өстүрдү. Анын ичинде контейнерлерди жеткирүү 26%га өскөн. Улуттук темир жол операторунун айтымында, Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту боюнча жүк ташуу 6 айда дээрлик эки эсеге – бир миллион 300 миң тоннага чейин өскөн. Казакстандан эгин экспорттоо боюнча айтсак, 2022-жылдын аяк оона айынын 2023-жылдын кулжа айына чейин 8 миллион тоннага чейин өскөн, дан азыктары 2 миллион тоннадан бир аз ашкан. Данды жеткирүүнүн олуттуу өсүшү Өзбекстанда, Тажикстанда жана Ооганстанда байкалууда. Маалыматка ылайык, өткөн жылы улуттук компаниянын жүк жүгүртүүсү өсүп, 245 миллиард тонна-километрден ашыкты түзгөн. Экспорттук жана транзиттик активдүүлүктүн эсебинен өскөн. Анын ичинде көмүрдү, темир рудасын, нефть продуктыларын, данды, химиялык жана соданы, жер семирткичтерди, түстүү жана кара металлдарды, ошондой эле тамак-ашты ташуунун эсебинен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков