Алтынчы Каспий саммитинде Касым-Жомарт Токаев деңиз жээгинде жайгашкан өлкөлөр үчүн аймактык азык-түлүк хабын түзүүнү сунуштады. Бул чыгашаны болушунча азайтып, өз ара товар алмашууну арттырууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданы чыңдоо үчүн заманбап логистикалык инфраструктураны ырааттуу өнүктүрүү зарыл. Бул жаатта Казакстандын дүң жана бөлүштүрүү борборлорунун шарттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк мол - деди президент.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бул борборлор менен Каспийдеги азык-түлүк хабынын ортосундагы системалуу интеграция фермерлердин, сатып алуучулардын, транспортчулардын, сатуучулардын жана керектөөчүлөрдүн натыйжалуу кызматташуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эң башкысы жеткирилген бардык өнүмдөрдү сатуунун ишенимдүү кепилдигин камсыз кылат.
Бул үчүн транзиттик агымдарды өнүктүрүү чоң мааниге ээ - дейт мамлекет башчысы. Ал Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолунун эбегейсиз зор дараметине кесиптештеринин көңүлүн бурду. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев «бештик» өлкөлөрү Каспий деңизинин эко-системасын сактап калуу багытында биригиши керектигин белгиледи. Жер казынасын жигердүү пайдалануу жана ресурстарды жеткирүү аймактын экологиясына коркунуч туудурат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков