Казакстан Борбор Азиядагы эң урбанизацияланган мамлекет

Казакстан Борбор Азиядагы эң урбанизацияланган мамлекет. Өлкө калкынын 62%га жакыны шаарларда жашайт. Бириккен Улуттар Уюмунун Казакстандагы туруктуу координатору Микаэла Фриберг-Стори Астанада өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетиши тууралуу айтып берди. Ошону менен бирге ал эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү өлкөдө туруктуу өнүктүрүү максаттарына байланыштуу милдеттенмелердин аткарылышын жогору баалашканын айтты. Эми бул багытта мамлекеттик пландоо системасынын документтерин камтыган укуктук база түзүлдү. Ал тургай, Казакстан бүткүл аймактын жыргалчылыгы үчүн туруктуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жигердүү аянтчага айланууда. Буга байланыштуу быйыл Алматыда БУУнун Борбордук Азия жана Ооганстан үчүн Туруктуу өнүгүү максаттарынын аймактык борборунун түзүлүшүнө байланыштуу аткарылган иштерди мисал келтирсек болот. Микаэла Фриберг-Стори белгилегендей, мамлекет башчы өз Кайрылуусунда туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнү көз жаздымда калтырбайт.

Микаэла Фриберг-Стори, Казакстандагы БУУнун туруктуу координатору:
-Албетте, президенттин кайрылуусунда Өкмөт ичүүчү таза сууга көп көңүл бурганын байкадык. Ошондой эле, чек арадагы дарыялар маселеси көтөрүлдү. Казакстан алдында турган милдеттерди жалгыз чече албайт. Суу ресурстары боюнча жаңы кодекс даярдалып жатканын билебиз. Суу чарбасы боюнча адистештирилген министрлик түзүлдү. Бул чаралардын баары туруктуу өнүгүү максатын мындан ары ишке ашырууга көмөктөшөт деп ишенем. Биз өзгөчө артыкчылыктарды, башкача айтканда, жашоо каражаттарына жеткиликтүүлүктү кубаттайбыз.

Белгилей кетсек, аяк оона айынын 18и 19у күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Туруктуу өнүгүү максаттарынын саммити өтөт. Мамлекет жана өкмөт башчылары 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартибин талкуулашат. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар макулдашылган саясий декларацияны кабыл алышат. 


Которгон: Илгиз Жамалбеков