Жолдордогу кемчиликтерди жасалма интеллект аныктайт

Жолдордогу кемчиликтерди жасалма интеллект аныктайт

Казакстанда жолдун сапатын текшерүүгө жасалма интеллект колдонулууда. Көчмө лаборатория республикалык маанидеги жолдорду диагностикадан өткөрөт. Анда орнотулган камера, сенсорлор жана өлчөө куралдары бир системага бириктирилген. Бул инновация жолдогу кемчиликтерди аныктап эле тим болбостон, аларды толук талдап, так инженердик чечим сунуштайт. Жасалма интеллект ар бир 100 чакырымдын маалыматтарын 4 саатта иштеп берет. Мурда мындай ишке 4 күн керектелчү.

 

Мадияр Абдуали, Улуттук сапат борборунун жетекчи адиси:

 

- 32 көрсөткүч көрсөтүлөт. Ал жерде кандай дефект бар, колеялуулук, жарака, интенсивдүүлүк, башкача айтканда, ушул участокто канча унаа өтөт, ушунун баары көрсөтүлөт.

 

Ошондой эле, казакстандык жол куруучу адистер виртуалдык лабораторияда сынактан өтө алышат. Улуттук сапат борбору ушундай жаңы санариптик платформаны сунуштады. Жергиликтүү студенттер KazRoad VR жабдуусунун жардамы менен бир нече деңгээлдеги тапшырмаларды аткарып, жол курулуш материалдарын терең талдоону үйрөнүшөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков