Эксперттер: Казакстан билим берүү системасын санариптик экономиканын талаптарына ылайыкташтырууда

Эксперттер: Казакстан билим берүү системасын санариптик экономиканын талаптарына ылайыкташтырууда

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев демилгелеген жасалма интеллектти орто билим берүүгө киргизүү чечимин эл аралык серепчилер жана IT аналитиктер колдошту. Алар бул кадамды келечектин экономикасына өтүү үчүн стратегиялык жактан зарыл деп эсептешет. Бостон университетинин профессору Эрик Гордон жасалма интеллектти интеграциялоо билим берүү моделин өзгөртүүгө жана мектеп окуучуларынын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи. Бул окууга болгон мамилени жаттоодон маалыматты башкаруу жөндөмүнө өзгөртөт. Андан тышкары, талдоочу ийгилик бир гана технологияга эмес, комплекстүү мамилеге – мугалимдерди даярдоого, санариптик мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жасалма интеллектти колдонуу үчүн коопсуз эрежелерди жана стандарттарды түзүүгө да маанилүү роль берилгенин баса белгиледи.


Эрик Гордон, Бостон университетинин профессору:


– Бул жасалма интеллект жаатындагы глобалдык жарыштын бир түрү, ар бир өлкө атаандаштык артыкчылыкка ээ болууга умтулат, бул ар кандай жаңы технология үчүн табигый көрүнүш. Билим берүүгө жасалма интеллектти киргизүү технологиялык прогресс менен коопсуздук чараларынын ортосундагы тең салмактуулукту талап кылат. Бул белгилүү бир коргоо механизмдерине муктаждык бар экенин билдирет. Эгерде жасалма интеллект көзөмөлсүз калса, ал жаштардын билим алуусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, туруктуу натыйжаларга жетүү үчүн эки негизги процессти параллелдүү түрдө иштеп чыгуу керек.


Стэнфорд университетинин изилдөөчүсү жана Google компаниясынын изилдөө боюнча мүдүрү Питер Норвиг мектептерде жасалма интеллектти колдонуу ар бир сабакты кызыктуураак жана ийкемдүү кылаарын, ошондой эле окуучуларга практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүндүк берерин белгилейт. Мисалы, алар жаңы нерселерди өз алдынча изилдеп, толук масштабдуу илимий эксперименттерди жүргүзө алышат. Андан тышкары, санариптик чечимдердин, жогорку сапаттагы методологиянын жана мугалимдердин активдүү катышуусунун айкалышы шаардык жана айылдык мектептердин ортосундагы ажырымды жоюунун ачкычы болуп саналат.


Питер Норвиг, Стэнфорд университетинин илимий кызматкери, «Google» компаниясынын изилдөө боюнча мүдүрү:

Менимче, бул эң сонун демилге. Сиздердин президент  келечекти ойлогон жана амбициялуу күн тартибин көздөп жатат. Ошентип, кадимки үй тапшырмаларынын же эсселердин ордуна, окуучулар толук масштабдуу илимий эксперименттерди жүргүзө алышат, моделдей алышат же мурда мүмкүн болгонго караганда алда канча чоң долбоорлорду ишке ашыра алышат. Ошондой эле мектеп предметтеринин ортосундагы чек аралардын бүдөмүккө учурашын көрөбүз. Жасалма интеллект аларды байланыштырууга жана окууну ийкемдүү кылууга жардам берет. Натыйжада, ар бир окуучу бирдей тапшырмаларды аткаргандын ордуна, чындап кызыккан нерсесине умтула алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков