Казакстандын архивдеринде жасалма интеллект киргизилет. Астанада үчүнчү Эл аралык архивчилер конгрессинин алкагында тармакка ЖИ технологияларын киргизүүчү жаңы иштелип чыккан нерселер тааныштырылды. Мисалы, Борбордук Азияда теңдеши жок архив кампаларын автоматташтыруучу AI Geotopography системасы. AI Archival Recognition System деген дагы бир ата мекендик система кол жазма жана машинка менен терилген эски документтерди иштетүүнүн ылдамдыгын болжол менен 40 эсеге жогорулатты. Сунушталган бардык иштелип чыккан нерселер тармактын конкреттүү муктаждыктарынын негизинде жасалып, этап-этабы менен колдонууга киргизилет.
Қайрат Алимгазинов, Президент архиви мүдүрүнүн орун басары:
– Казакстан Республикасынын Президентинин Архивинин ушул жылы кабыл алынган санариптик стратегиясы бар. Бул 2030-жылга чейинки план. Биз санариптештирүүнү 10 жыл мурун баштадык. Бүгүнкү күндө 31 миллиондон ашык архивдик документтер санариптик форматка которулган. Изилдөөчүлөрдүн кызыгуусу, эң көп суралган документтердин бардыгы, архивдик тил менен айтканда, биринчи категориядагы документтердин баары санариптик форматта.
Казакстан Президентинин Архивинин демилгеси менен уюштурулган конгресске дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 500дөн ашуун IT-серепчилери жана изилдөөчүлөрү, БУУ, ЮНЕСКО, Эл аралык архивдер кеңешинин өкүлдөрү келишти. Чет элдик катышуучулар өлкөнүн архив ишин санариптик системага келтирүү жана AI технологияларын киргизүү тажрыйбасына жогорку кызыгуусун билдиришти. Казакстан Президентинин Архиви Улуу Британиянын Улуттук архиви жана Эл аралык архивдер кеңеши менен кызматташтык жөнүндө эки меморандумга кол койду. Мындай өнөктөштүктөр эл аралык стандарттарга, тармактагы билим берүү программаларына жана дүйнөлүк деңгээлдеги кесипкөй долбоорлорго жол ачат.
Жозе Кирпс, Эл аралык архивдер кеңешинин президенти:
– Бул меморандум бизге Казакстан менен, ошондой эле Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эл аралык архивдер кеңеши үчүн бул өтө маанилүү кадам, анткени Казакстан жана Борбордук Азиянын башка мамлекеттери биздин кеңешке кошулуп, ири көлөмдөгү маалыматтар базасын, бул тармактагы жаңы көндүмдөрдү сунуштоого жөндөмдүү. Ошондуктан, Казакстан менен кызматташтык орнотуунун мааниси өзгөчө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

