Жыл башынан бери Skills Enbek платформасына
адистиктер менен ишбилгиликке байланыштуу акысыз 44 жаңы курс жүктөлдү. Алардын
арасында «Суу менен камсыз кылуу жана сууну чыгаруу желелери менен объекттерин
пайдалануу», «Кызмат көрсөтүү тармагында административдик башкаруу»,
«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү», «Сынчыл ой жүгүртүүнүн негиздери»
сыяктуу кызыктуу дарстар бар. Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин
маалыматы боюнча, ар бир курстун узактыгы 36 саатты түзөт. Ар бир адам онлайн казак
жана орус тилдеринде окуй алат. Курсту аяктагандыгы тууралуу сертификат
Enbek.kz жумушка орноштуруу порталындагы резюмеде автоматтык түрдө көрүнөт. Ал
тургай, кесиптин так түрүнө байланыштуу алган билими менен үйрөнгөн ыкмаларына
чейин жазылат. Айта кетсек, бүгүнкү күндө электрондук аянтчада ар түрдүү
багыттагы 477 дарс болсо, анын 23 акысыз. Ал эми аларга катталгандардын саны
380 миңден ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков