Казакстан президенти «Экономиканы либералдаштыруу боюнча чаралар тууралуу» жарлыкка кол койду

Касым-Жомарт Токаев «Экономиканы либералдаштыруу боюнча чаралар тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул документ атаандаштыкты өнүктүрүү, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн азайтуу жана бизнестин чыгымдарын кыскартуу аркылуу ишкердиктин эркиндигин камсыздоого багытталган. Бул жаатта атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин алдында менчиктештирүү боюнча улуттук кеңсени түзүү көздөлүп жатат. Муну менен катар кардарлардын квазимамлекеттик уюмдар көрсөткөн коммерциялык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн, техникалык шарттарды алуу жана инженердик тармактарга кошулуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү менен автоматташтыруу мерчемделген. Бул жарлыкта бизнестин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү боюнча чаралардын комплекси өзүнчө блок катары берилген. Алардын ичинен экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштуулукту бул категориядан алып салуу каралмакчы. Бул Жарлыкты ишке ашыруу экономикада мамлекеттик сектордун үлүшүн кыскартууга, ошондой эле жеке ишкердикти өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков