Казакстандык дарыгерлер донордук органдарды сактоо жана дарылоо системасын ойлоп тапты

Казакстандык дарыгерлер медицина дүйнөсүндө теңдеши жок аппарат ойлоп табышты. Ата мекендик уникалдуу аппарат адамдын организмин 24 саат бою сактоого жана аны денеден тышкары дарылоого мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, бир күндүн ичинде донордук органды жеткирип, операция жасоого болот. Мисалы, ушул убакка чейин жүрөктү 6 сааттын ичинде жеткирүү керек экени белгилүү. Анткени, мындан кечиксе  трансплантацияга жарабай калат. Мунун чечимин Улуттук илимий кардиохирургия борборунун адистери табышты. Ойлоп табуу жүрөктү гана эмес, кандайдыр бир донор органды керектүү органга алмаштырмайынча кадимки абалда кармап, кандын үзгүлтүксүз айлануусун камсыз кылып турат.

Тимур Лесбеков, UNIVERSITY MEDICAL CENTER кардиохирургия мүдүрү:

- Ушуга окшогон альтернативдик дүйнөлүк иштеп чыгуулардын баарында дээрлик кычкылтек баллон колдонушат. Ал эми биздин аппарат кандайдыр бир чоң кычкылтек баллондоруна же башка жасалма аба булактарына көз каранды эмес. Бул система биз күн сайын дем алган атмосфералык абаны топтоп, керектүү өлчөмдө кан айланууга жиберип турат. Башкача айтканда, ташылган организм узак убакыт бою жашоого жөндөмдүү калыбын сактайт.

Адамдын өмүрүн сактоого көмөктөшкөн жаңы долбоор 2015-жылы колго алынган. Ал 2022-жылдан бери тажрыйба жүзүндө сыналып келет. Быйыл бул системаны клиникалык деңгээлде изилдеп, өндүрүшкө киргизүү максаты коюлган. Азырынча өлкө боюнча донордук органдар чет элдик аппараттардын жардамы менен  ташылып келет.

Юрий Пя, UNIVERSITY MEDICAL CENTER башкарма төрагасы:

- Мындай чет элдик бир аппараттын баасы 200 миң доллардан ашат. Биздин долбоор техникалык жактан Америка моделинен айырмаланат. Азыр да көрсөткүчтөр алда канча жогору. Ата мекендик аппараттын баасына келсек, ал азыркы колдонуудагы чет элдик альтернативадан алда канча арзан болору анык.

Казакстанда трансплантология тарыхы башталган 2012-жылдан бери 95 ийгиликтүү жүрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бүгүнкү күндө республика боюнча 137 адам буга муктаж болсо, анын 10у балдар. Жалпысынан Казакстанда 4 миңге жакын бейтап ар кандай донордук органдарды күтүп жатат. Ойлоп табуучулар ата мекендик система бул көрсөткүчтү жакшыртууга жардам берерине ишенишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков