Казакстанда соттордун жоопкерчилиги күчөтүлөт. Парламент палаталары биргелешкен жыйынында сот системасы жана судьялардын макамы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда жактырды. Конституциялык мыйзам сот адилеттигинин сапаты боюнча комиссияны реформалоого багытталган. Мисалы, сот ишин кароодо мыйзамды одоно бузуунун ар бир фактысы боюнча судьяга карата дисциплинардык иштин материалдарын текшерүүнүн жаңы механизмин киргизүү мерчемделүүдө. Бул ушул багыттагы мыйзам бузууларга каршы эффективдүү чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, алардын кесиптик ишмердүүлүгүн колдонуудагы ченемдер боюнча 1 жыл эмес, 3 жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча баалоо сунушталды.
Нурлан Бекназаров, Парламент Сенатынын депутаты:
- Түпкү максат – соттун адилеттүү чечимин камсыз кылуу. Талаштарды адилеттүү чечүү. Судьялардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле жоопкерчилигин арттыруу. Соттордун ишине баа берген соттук калыс бар. Анын ишине өзгөртүүлөрдү киргиздик. Башкача айтканда, талаптар күчөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков