Казакстанда металлургиялык шлактарды колдонуу менен жол салууга мүмкүн. Бул кайра иштетүү технологиясын Астанада өткөн салттуу инновациялар сынагында ата мекендик окумуштуу Александр Акбердин сунуштады. Адистин айтымында, металлургиялык өндүрүштөрдүн зыяндуу калдыктары көп болгондуктан, аларды жол курулушуна арналган шагылга айлантууга болот. Долбоор ишке ашса, жол катмарынын сапаты жогорулап, колдонууга жарамдуулугу ондогон жылдарга жетет. Бул экономикага эле эмес, экологияга да чоң пайда алып келет, дейт окумуштуу.
Александр Акбердин, Ж. Абишев атындагы химия-металлургия институтунун лаборотория башчысы:
– Биз жол курууда асфальтты алмаштырууну сунуштап жатабыз. Алты ай сайын, же 3 жылда бир оңдоп турабыз. Ал эми биз сунуштап жаткан ыкма 80 жылга жетет. Куйматаштуу жолду салууда күлботону шлакка алмаштырган абдан туура болот.
Жыйында сунушталган инновациялык чечимдер муну менен эле чектелип калган жок. Алардын ичинде өлкөнүн климаттык жана гидрогеологиялык татаал шарттарын эске алуу менен жол куруунун технологиясына байланыштуу жаңычылдыктар көрсөтүлдү.
Арман Алибаева, Казакстан жол илимий-изилдөө институтунун президенти:
– Кышында жолдогу кар менен кантип күрөшүү керек деген суроо баарыбызды тынчсыздандырат. Бул үчүн климаттык аймактарга бөлүнүү аркылуу жасалган картаны түзүү жана аймактарда кышында жолду кантип кармоону караштырган ченемдик документти иштеп чыгуу сунушталууда. Муну менен катар, экологияны жакшыртуу үчүн көптөгөн жаңычылдыктар сунушталды. Бул жагынан биздин окумуштуулар абдан жигердүү. Бүгүн сынакта көрсөтүлгөн бардык эмгектер андан ары изилденип, иштетилип, биздин жол тармагына киргизилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков