Казакстан элдери Ассамблеясынын ишине жасалма интеллект киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Астанада Казакстан элдери Ассамблеясынын илимий-серепчилик кеңешинин кеңейтилген жыйынында билдирилди. AI технологиялары атайын платформа аркылуу маалыматтарды талдоого жана изилдөө жүргүзүүгө жардам берет. Мындан тышкары, Ассамблеянын ишмердүүлүгүндөгү жылдар аралыгында жүргүзүлгөн архивдик документтерди, изилдөөлөрдү жана башка маалыматтарды санариптештирүү каралган.
Эльмира Отар, Казакстан элдери ассамбелясынын илимий-талдоочулук кеңешинин жаш окумуштуулар клубунун тең төрайымы:
- 30 жылдын ичинде көптөгөн маалыматтар, изилдөөлөр, жыйынтыктар, ири маалымат массивдери топтолду. Мунун баарын санариптештирүү керек. Башкача айтканда, маалыматты керектүү учурда колдонууга ыңгайлуу кылып келтирүү зарыл. Атайын платформа түзүү жана анын колдонуу деңгээлин аныктоо - биздин алдыбызга коюлган милдет. Биз бул боюнча биргелешип иштеп жатабыз.
Катышуучулар белгилегендей, азыркы чакырыктар аналитикалык базаны жаңылоону жана изилдөө иштерине жаш окумуштууларды тартууну талап кылат. Ассамблеянын отуз жылдык ишиндеги жетишкендиктери этносаясатты изилдөө боюнча институттарды түзүү, тилдик программаларды өнүктүрүү жана коомдо ишенимди бекемдөө боюнча долбоорлорду ишке ашыруу болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

