Казакстан тынчтык орнотуучуларынын экинчи курамы Голан дөңсөөлөрүнө аттанды

Казакстан тынчтык орнотуучуларынын экинчи курамы Голан дөңсөөлөрүнө аттанды

Казакстан Голан дөнсөөлөрүнө улуттук тынчтык орнотуучу контингенттин кезектеги тобун жөнөттү. Алар ошол жактагы кесиптештеринин ордун алмаштырат. Экинчи курам Бириккен Улуттар уюмунун миссиясынын алкагында өз милдеттерин аткарышат. Алматыда 139 атамекендик аскер кызматкерин салтанаттуу узатуу аземи өттү.  

Наргүл Кушер, медициналык кызматкер: 

- Мен бул күндү көп убакыт күттүм. 5 жылдай даярданган. Тынчсызданып турам. Коркунучтар да болду. Бул Голан тоо кыркаларына тезирээк барып, өз даярдыгымды жогорку деңгээлде көрсөтүп, өз өлкөмө сыймыктануу менен татыктуу кайтып келүүмдү каалайм. 

Казакстандык тынчтык орнотуучулар ок атышууну токтотуу режимин камсыздайт. Патрулдук кылат, блокпостторду кайтарат, жарылуучу заттарды зыянсыздандырат. Ошондой эле БУУнун кызматкерлерин коштоп жүрүү жана керек болсо аларды коопсуз жерге эвакуациялоо сыяктуу милдеттерди аткарат. 

Аулихан Байкенов, Коргоо министрлиги тынчтык орнотуу операциялар борборунун башчысы: 

- Ал жакка бараткандар - миссия командачылыгынын резервдик ротасы  болуп саналат. Алар кырдаалга жараша милдеттүү болгон тапшырмаларды аткарышат. Мындан тышкары, конвой катары  жүктөлгөн милдеттер бар. Жүктү бир жерден экинчи жерге ташуу кызматын көрсөтөт. Медициналык топ бар. Андан кийин мандатта көрсөтүлгөн милдеттерди аткарат. 

Белгилей кетсек, Казакстандын Улуттук тынчтыкты сактоо контингентинин биринчи курамы БУУнун Катчылыгынын жана миссиянын жетекчилигинин тапшырган милдеттерин татыктуу аткаргандыгы үчүн жогору баа алган. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков