Азыр, технологиянын дүркүрөп өсүп жаткан мезгилинде, биз тынымсыз издөөгө, терең билимге жана илимге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Ошол эле учурда илимий коомчулукка өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт. Анткени, илимпоз-улуттун шам чырагы. Мындай пикирин президент Касым-Жомарт Токаев илим күнүнүн алдында окумуштуулар менен жолугушууда билдирди. Президент чогулгандарды кесиптик майрамы менен куттуктады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Мамлекет илимдин өнүгүшү үчүн конкреттүү чараларды көрөт. Үч жыл мурун мен Илимдер академиясын жаңылоо тууралуу тапшырма бергем. Ошондон бери масштабдуу иштер жүрүп жатат. Академияга жогорку илимий уюм макамы берилди. Инфраструктура тутуму жаңыланып жатат. Кадрларды даярдоо жолго коюлду. Өткөн жылы кабыл алынган «Илим жана технологиялык саясат» мыйзамы бул тенденцияларга жаңы дем берди.
Акыркы жылдары илимди каржылоо 3,5 эсеге өстү. Жаш изилдөөчүлөргө колдоо көбөйдү. Мамлекет башчысынын пикиринде, мындай кадамдар өлкөнүн илимий дараметин арттырат. Азыр Казакстанда 25 миңден ашуун илимпоз бар, алардын жарымы 40 жашка чейинки адистер. Бул өлкөдө илимпоздордун жаңы мууну калыптанып жатканын көрсөтүп турат. Президент артыкчылыктуу багыттарга да токтолду. Стратегиялык милдеттердин бири-ядролук илимди жана технологияны өнүктүрүү. Кеп ядролук медицина, суутек энергиясы, сууну тузсуздандыруу, синтетикалык отун өндүрүү жөнүндө болуп жатат. Жалпысынан, илимдин системалуу өнүгүшү үчүн мамлекет жана бизнес, университеттер жана илимий борборлор биригиши керек.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Колдонмо изилдөө менен алектенген илимий уюмдардын кирешеси акыркы беш жылда 40 миллиард теңгеден ашты. Казынага 10 миллиард теңгеден ашык салык түштү. Келечекте бул көрсөткүч жогорулайт. Илим тармагына 14,5 миллиард теңге жеке инвестиция тартылды. Эки миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү. Ошентип, биздин окумуштуулар экономиканы өнүктүрүүгө катышып жатат. Окуу жайлары ишканалар менен тыгыз байланыш түзө баштады.
Жыйында Президент окумуштуулар тобун мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Иш - чарада биринчи жолу «Казакстандын илим жана техникага эмгек сиңирген ишмери» наамы ыйгарылды. Ошондой эле бир катар жаш окумуштууларга батирдин ачкычтары тапшырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

