Чыгыш Казакстандын Катон-Карагай
району британиялык белгилүү Wanderlust журналынын Travel Green List аттуу «жашыл»
туристтик багыттардын тизмесине кирди. Ата мекендик дестинация аталган тизмеге
Жапониядагы маданий билим берүү борборлору жана Сингапурдагы жаратылыш коругуна
айланган темир жол сыяктуу долбоорлор менен катар тизмеге кирди. Кошумчалай
кетсек, быйыл Катонкарагай району эл аралык сынакта «Туруктуу туризмдин 100
мыкты багыты» тизмесине кирип, «Гүлдөгөн бирикмелер» номинациясында жеңишке
жетип, экологиялык жактан таза жерлердин катарынан көрүндү. Туристтер арасында
Чыгыш Казакстан өзүнүн жаратылышы, шаркыратмалары, радон булактары, ошондой эле
панто терапиясы менен белгилүү.
Евгений
Домашнев, фото-сүрөтчү:
-Албетте,
Катонкарагай - туризмдин бермети. Бул жердин жаратылышын, токойлорун сөз менен
айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Мени фото сүрөтчү катары жапайы жаныбарлар жана
канаттуулар кызыктырат. Жаратылыш абдан кооз жана бай.
Муну менен катар Wanderlust редакциясы 2019-жылы Чыгыш Казакстандын үч
алыскы аймагында, анын ичинде Катонкарагайда жашоонун сапатын жакшыртуу
максатында түзүлгөн. Серепчилер айыл аймактарын
туруктуу өнүктүрүү фондуна жогору баа беришти. Тактап айтканда, меймандостук
мектебин ачуу, туристтик маршруттарды колдоо, туристтик маалымат борборлорун
каржылоо сыяктуу демилгелерди белгилеп өттү. Бул
долбоорлор аймактагы туризмди өнүктүрүүгө салым кошту.
Алишер
Турсын, «Kazakh Tourism» улуттук компаниясынын расмий өкүлү:
-Биздин
компаниябыздын айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүү фондунун аракети өзгөчө
белгиленип, анын аркасында Катонкарагай районунда бул жараян жакшырууда. Экосистема
түзүлүп, меймандостук мектептери курулуп, туристтик аймактарды өнүктүрүү боюнча
иштер жүргүзүлүүдө. Казакстандын айрым райондору менен багыттары дүйнөлүк
журналдардын рейтингине киргени бизди кубандырат.
Эске сала кетсек, өткөн жылы өлкөгө 9 миллиондон ашык чет
элдик турист келген. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп. Ошондой эле 10
миллион казакстандык өз мекенинде саякаттоону туура көргөн.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков