Президент жасалма интеллект тууралуу мыйзамга кол койду

Президент жасалма интеллект тууралуу мыйзамга кол койду

Казакстан Борбор Азияда биринчилерден болуп жасалма интеллект жөнүндө мыйзам кабыл алды. Президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон документ нейрондук тармактардын технологияларын колдонуу үчүн жаңы укуктук негизди түзөт. Ал өлкөдө жасалма интеллектти иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча бирдиктүү эрежелерди киргизет. Мыйзам иштеп чыгуучулардын, ээлеринин жана системалардын колдонуучуларынын укуктарын жана милдеттерин так аныктайт, ошондой эле нейрондук тармактар тарабынан түзүлгөн тексттерди, сүрөттөрдү, аудио жана видео материалдарды милдеттүү түрдө белгилөөнү талап кылат. Жарандардын укуктарын жана автордук укукту коргоого өзгөчө көңүл бурулат - жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн чыгармалар адамдын чыгармачылык салымы болгон учурда гана корголот. Ошондой эле моделдерди иштеп чыгуу жана окутуу үчүн негизги инфраструктура боло турган жасалма интеллекттин улуттук платформасын түзүү каралган. Жалпысынан, документ технологияларды коопсуз киргизүүгө жана алардын экономикада жана социалдык чөйрөдө өнүгүшүнө түрткү берүүгө багытталган.

Серик Бимендеев, жасалма интеллект жана маалыматтарды башкаруу комитетинин мамлекеттик саясат башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу:

- Биринчи кезекте, системанын ээлери жана иштеп чыгуучулары колдонуучуларга бул өнүм же кызматтар жасалма интеллекттин жардамы менен иштелип чыкканын билдирүүгө милдеттүү. Бул белгилөө жарандар жана колдонуучулар аталган өнүм жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөнүн билиши үчүн атайын машина аппарат окуй турган формада жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков