Түркмөнстанда жаштар сыйлыгынын лауреаттары сыйланды

Түркмөнстанда жаштар сыйлыгынын лауреаттары сыйланды

Ашхабадда Түркмөнстандын жаштарынын мыкты өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Жаштар сыйлыгынын лауреаттары 140 адам болду. Алар мугалимдер, студенттер, окуучулар, спортчулар жана ар кандай тармактардын адистери. Алардын баары спортто, илимде, журналистикада жана маданиятта, өнөр жайда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишип, өлкө президентинен тиешелүү сертификаттарга жана баалуу белектерге ээ болушту. Иш-чаранын алкагында республиканын бардык аймактарынан келген таланттуу жаштардын жетишкендиктери көрсөтүлгөн көргөзмө болуп өттү.

Максат Курбангельдыев, Түркмөнстан эл аралык маалымат борборунун башкы редактору:

- Сыйлык – бул биринчи кезекте Түркмөнстандын эл аралык маалымат борборунун бүткүл командасынын таанылышы. Биз жөн гана жаңылыктарды таратпастан, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы маданий жана кесиптик байланыштарды бекемдеп, диалог куруп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков