Казакстандык окуучулар робототехника боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону аталды

Казакстандык окуучулар робототехника боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону аталды

Казакстан STEM боюнча эл аралык билим берүү сынагында абсолюттук чемпион болуп, жаңы рекорд койду. Панамада өткөн Дүйнөлүк FIRST Global Challenge олимпиадасында казакстандык окуучулар жеңишке жетишти. Улуттук курама команда төртүнчү жолу катары менен алтын медалга ээ болду. Буга чейин 2022-жылы Женевада, 2023-жылы Сингапурда, былтыр Грецияда өткөн сынактарда Казакстан курамасы алдынкы орунду ээлеген. Ошентип, команда бул билим берүү таймашынын тарыхындагы теңдешсиз натыйжага жетишти. Быйылкы сынак экологияны коргоо темасынын алкагында өттү. Ата мекендик ойлоп табуу инженердик чечимдин өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгү жана жасалуу чеберчилиги үчүн кошумча сыйлыктарга ээ болду.


Алимжан Жандилда уулу, Алматы шаары, Назарбаев интеллектуалдык мектеп окуучусу:


- Бул оюндун максаты ар бири өзүнчө экосистема катары көрсөтүлгөн 3 мунаранын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо. Роботтор берилген топторду тиешелүү экосистемага чогултушу керек. Биздин сунуштаган чечимибиз башка өлкө катышуучуларына салыштырмалуу кыйла жеңил болду. Командабыз өзгөчөлөнүп көзгө түштү. Биздин роботубуз жөнөкөй, бирок өтө натыйжалуу иштейт, башкысы, мүмкүн болушунча бузулбаган сапаттуу түзүлүш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков