Казакстанда быйыл кайра иштетилген өнүмдүн экспорту 6 жарым пайызга өстү. Ал эми бул багыттагы импорттун көлөмү 7%дан ашык кыскарган. Бул тууралуу премьер-министр Сенаттын жалпы жыйынында билдирди. Олжас Бектенов билдиргендей, бүгүнкү күндө кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 47%, чийки зат тармагы 45% түзөт. Атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында Казакстандан сатылып алынган өнүмдүн тизмеси 1,5 миңден 4,5 миңге чейин жеткирилди.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Бул иш-чаралардын натыйжасында быйылкы жылы Казакстандын өндүрүшчүлөрү менен түзүлгөн келишимдердин саны 55% өстү. Башкача айтканда, аталган келишимдердин жалпы баасы 350 миллиард теңгеге жетти. Быйыл бул келишимдердин жалпы суммасы 134 миллиард теңгеге барабар. Бул көрсөткүч былтыркыдан 14 эсеге көп.
Орус тили боюнча эл аралык уюм түзүлөт
Мындан тышкары сенатта орус тили боюнча эл аралык уюм түзүлөрү белгилүү болду. Парламент тиешелүү документти кабыл алды. Келишим Казакстан, Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн. Эл аралык укук субьектиси бар өкмөттөр аралык уюм аталган өлкөлөрдүн өз ара маданий-гуманитардык, тарых, илим жана техника жаатындагы маалыматтын кеңири чөйрөсүнө жетүүгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков