Алматыда Борбордук Азиядагы туңгуч эркек саймачы жашайт. Сүрөтчү Зейнелхан Мухамеджан илгич жана жиптин жардамы менен уникалдуу эмгектерди жаратат. Муну менен ал көчмөн кол өнөрчүлөрүнүн унутта калган технологиясын заманбап искусство менен айкалыштырып, даңазалап жүрөт. Сүрөтчүнүн чеберканасында кыл калем менен боёктордун ордуна оймок, илмек менен түркүн-түстүү жиптер тизилип турат.
Зейнелхан Мухамеджан, саймачы:
— Чоң иштер 6-7 айга, жада калса 1 жылга чейин созулат. Казак саймачылык өнөрүндө эң кыйын жана эң татаал нерсе – бул аткаруу убактысы. Ал көп убакытты талап кылат. Чыдамкай болушуң керек. Эң башкысы чыдамдуулук.
Асел Абилкай, саймачы:
— «Биз кесте» башкача, аны тамбурлуу сайма деп да атап коюшат. Чебер кезинде муну жубайынан үйрөнүп, аны өз ишинде колдонгон. Бирок классикалык нускадагы кээ бир эмгектеринде бул боз үйдү чогултууга арналган адаттагы сайма жана кооздоо болсо, ишкер өзүнүн стилин калыптандырды.
Кол өнөрчүнүн эмгектери дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жогору бааланган. Сайма менен 30 жылдан ашык убакыттан бери алектенип келе жаткан чебердин эмгектери Казакстандын мамлекеттик музей фонддорунда, ошондой эле, Англия, Израиль, Орусия, Монголия, Кипрдин жеке коллекцияларында сакталып турат. Алдыдагы убакытта чебер «Казак сайма өнөрү» альбомун жарыкка чыгарат. Анда саймачылык техникасын жаш муундарга мурас кылып калтырмакчы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков