Астанада
өткөн Казак-Эстон бизнес-форумунда 517
миллион долларлык 11 коммерциялык келишимге кол коюлду. Келечектүү багыттардын арасында
транспорт жана логистика, санариптештирүү, айыл чарба, өнөр жай, билим берүү
бар. Форумда мамлекет башчысы жана Эстониянын президенти Алар Карис сөз
сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев ишкер чөйрөлөрдүн катышуусундагы мындай эки
тараптуу аянтчалар сооданы өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы
долбоорлорду баштоого жардам берерин баса белгиледи. Казакстандын президенти
ошондой эле өлкө эстон бизнесинин мамлекеттеги
катышуусун кеңейтүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

