Казакстан менен Орусия суу ташкынына каршы биргелешкен иш-чараларды колго алды

Казакстан менен Орусия суу ташкынына каршы биргелешкен иш-чараларды колго алды

Орусия менен Казакстандын адистери суу ташкыны менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чараларды талкуулашты. Орынбор облусуна барган казакстандык делегация Жайык дарыясына Ирекли суу сактагычынан жиберилген суунун көлөмүн көбөйтүүнү макулдашты. Бүгүнкү күндө анын ылдамдыгы секундасына 108 куб метрди түзөт. Эки тарап тең бул көлөмдү 130 куб метрге чейин көбөйтүүгө макулдашты. Адистердин айтымында, эч кандай коркунуч жок. Алар топтолгон суунун кору айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзөт деп ишенишет.


Нариман Төрегалиев, Батыш Казакстан облусунун акими:


- Алдын ала эсептөөлөр боюнча суунун деңгээли 6-6,50гө чейин көтөрүлөт. Учурда облуска жөнөтүлүүдө. Кечээ 60 куб метр жөнөтүлдү, ошондой эле секундасына 108 куб метр жиберилип жатат. Бул абдан жакшы. Азыр бизге Жайык дарыясынан суу төмөндөгү түштүк аймактардагы суу сактагычтарга ээн-эркин агып жатат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков