Жол эрежесин бузгандарга ИИМ көзөмөлдү күчөтөт

Жол эрежесин бузгандарга ИИМ көзөмөлдү күчөтөт

Жылына беш жолудан ашык жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду 50 пайыз жеңилдик менен төлөөгө тыюу салынышы мүмкүн. Ички иштер министрлиги жолдо жүрүү эрежеси үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштоодо. Министрлик шаар аралык чоң жолдордо орточо ылдамдыкты жогорулаткан айдоочуларга көзөмөл киргизүүнү пландап жатат. Эске салсак, теке айынын 18нен тартып Казакстанда «Коопсуз жол» бир айлыгы башталган. Бул аралыкта тартип сакчылары жолдо жүрүү эрежесин бузган 46 миң айдоочуну аныктаган. Анда 270 айдоочу мас абалында автоунаа айдап жүргөн. Белгилей кетсек, өткөн жумада эле өлкөдө 200 ашык жол кырсыгы катталып 50 киши каза тапкан жана 200дөн көп адам жаракат алган. Жыл башынан бери жол кырсыктарынан миңдей киши, анын ичинде жүздөгөн балдар  жарык дүйнө менен кош айтышты.

Актоты Боранова  КР ИИМ администрациялык полиция комитетинин жол коопсуздугу башкармалыгынын өзгөчө иштер боюнча улук инспектору

- Бардык жол-транспорт кырсыктарынын 95% айдоочулардын күнөөсүнөн болот, калганына жол кыймылынын башка катышуучулары күнөөлүү. Ага ылдамдык режимин сактабоо, маневр эрежелерин бузуу, ошондой эле, каршы тилкеге чыгуу негизги себептер болуп саналат. Эгерде айдоочулар рулга отурганда өздөрүнө жана башка адамдарга карата жоопкерчиликтүү мамиле кылышса көптөгөн жол кырсыктарынан качууга мүмкүн болмок.

 

Которгон: Субанбек Исмакеев