Чет өлкөдө домбрага суроо-талап өсүүдө

Чет өлкөдө домбрага суроо-талап өсүүдө

Казактын музыкалык аспабы – домбрага болгон суроо-талап өсүүдө. Чеберлердин айтымында, чет өлкөдөн буйрутма берүүчүлөр аз эмес. Атыраулук чебер Нурлыбек Бисенбаев автоматташтырылган цехте 3000ден ашык домбраны жасап чыгарган. Улуттук аспаптын бир бөлүгү чет мамлекеттерге жөнөтүлгөн. Көпчүлүгүн тарыхый мекенинен алыс жашаган этникалык казактар ​​алдырткан. Кесибин атасынан үйрөнгөн Нурлыбек учурда уулуна билгенин үйрөтүп келет. Муну менен атадан балага мурас болуп келген улуттук өнөрдү жайылтуу максатын көздөйт.

Нурлыбек Бисенбаев, чебер:
- Анча-мынча жерлеринен жардам берет, мен ага жеңил-желпи бөлүктөрүн берем, уулум жанымда туруп жылмалоого көмөктөшөт. Устаттан шакирти өтөт демекчи, уулум фабрика кылып ачса деп ойлойм. Анткени атам добраны үйдө жасачу, мен устакана ачтым, менин балдарым андан чоңураак кылып ачса чоң жетишкендик болмок.

Турлан Бисенбаев, атасы:
- Бала сенин кыймыл-аракетиңе, жүрүм-турумуңа, сүйлөгөн сөзүнө карап тарбия алат. Мен балама домбра жасоо менен алектен деп айткан эмесмин. Бул анын жеке каалоосу жана тырышуусу болду. Кандайдыр бир жактары түшүнүксүз болуп жатса сурачу, мен билгенимди айтып турчумун.

Улуттук баалуулукту иш менен айкалыштырган Бейсенбаевдердин үй-бүлөсүнүн алдыга койгон пландары көп. Жакынкы арада айына 500 даана домбра чыгара турган чоң цех ачууну көздөшүүдө. Ушундай кадам менен менен улуттук аспапты өндүрүүнү жаңы деңгээлге көтөрсөк деген максаттары бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков