19 миллион доллар. Бул Борбор Азия аймагында жаңы соода долбоорунун бюджети. Аны Американын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги ишке ашырат, деп маалымдайт АКШнын Казакстандагы элчилиги. Бул - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен түз байланышкан кызматташтык программасы. Мунун алкагында USAID аталган өлкөлөргө кийинки беш жылдын ичинде мамлекеттик жана жеке сектордо ар тараптуу техникалык колдоо көрсөтөт. Жаңы программа региондогу бажы жана чек ара көзөмөл процедураларын координациялоого багытталат. Ал эми бул өз кезегинде акчанын жана убакыттын чыгымын кыскартууга мүмкүндүк берет. Буга кошумча, Борбор Азия регионунун экономикалык гүлдөшүнө түрткү болот. Мындан тышкары, жаңы келишимдер трансчекаралык соода көлөмүн арттырууга түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков