Жыйында адаттагыдай эле казакстандыктардын бир катар орчундуу маселелери көтөрүлөт. Салтка айланган иш-чара миңден ашык адамдын башын бириктирет. Ага өлкөнүн Парламент мүчөлөрүнүн, борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын депутаттары, диний бирикмелердин, дипломатиялык корпустун, бейөкмөт уюмдардын жана этномаданий бирикмелердин жетекчилери, илимий жана чыгармачыл интеллигенция, ата мекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Сессиянын бүгүнкү күн тартибинде квалификациялуу серепчилердин катышуусунда талкуу аянтчалары уюштурулат. Ал эми эртең мамлекет башчынын катышуусунда пленардык жыйын мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков