Быйыл улут устазы, Алаштын руханий көсөмү Ахмет Байтурсыновдун туулганына 150 жыл толот. Акындын мааракесине карата бир катар иш-чараларды Франциянын борбору жана Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүү мерчемделип жатат. Кошумчалай кетсек, ЮНЕСКОнун колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында иш-чаралар өткөрүлөт. Анын ичинде эң ириси Түркестандагы Эл аралык конгресс болмокчу. Байтурсыновдун туулган жери Костанай облусунда да инфраструктуралык жана маданий долбоорлор ишке ашырылууда.
Ерлан Карин, Казакстандын Мамлекеттик катчысы:
- Ахмет Байтурсыновдун жашаган доору менен азыркы эгемендик заманды байланыштырган жалпы кызыкчылык – улуттук өзгөчөлүктү сактап, цивилизациялуу өлкө болуу. Эл мугалими ар дайым элибиздин руханий лидери болуп кала берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков