Казак окумуштуулары IT адистери менен биргеликте акылдуу долбоорду иштеп чыгышты

Казак окумуштуулары IT адистери менен биргеликте акылдуу долбоорду иштеп чыгышты

Система электрокардиограмманын жыйынтыгын аралыктан окууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, жасалма интеллект аркылуу так диагнозду билүүгө болот. Атайын платформага киргизилген диагностикалык натыйжа 30 секунданын ичинде даяр болот.

Гүлнар Туралиева, медайым:

Мурдагыдай лентаны кагаз түрүндө чыгарбайбыз, терапевттердин маалыматын кол менен жазып, компьютерге түшүрбөйбүз. Бул үчүн абдан натыйжалуу система.

Азыр бул программа менен 80ге жакын клиника иштейт. Бүгүнкү күндө SMART ЭКГ Алматы, Астана шаарларында жана Түштүк, Батыш, Чыгыш, Түркестан аймактарында жеткиликтүү. Ошондой эле долбоордун авторлору ЭКГнын жыйынтыгын окуу үчүн мобилдик тиркемени түзүшкөн.

Айнур Акшабаева, долбоордун менеджери:

Smart ЭКГ Казакстандагы биринчи долбоор. Илим фондунун колдоосу менен ишке ашырылган. Бейтаптар 200 километр алыстыкка баруунун кажети жок. Өзүнүн клиникасына барып, аны түздөн-түз дарыгерге жөнөтөт. Дарыгер натыйжаны тастыктай алат.

Келечекте акылдуу долбоор эл аралык рынокко чыгышы мүмкүн. Учурда коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков