Алматы шаарынын 8-классынын окуучулары Рамазан Амре менен Сымбат Барсагазы иштеп чыккан илимий долбоор дүйнөдөгү жаш ракета куруучулардын арасынан топ жарды. Анын негизги идеясы кванттык технологияларды киргизүүгө негизделген.
Рамазан Амре, 8-класстын окуучусу:
- Азыр биз кванттык кайра жаралуу кезинде турабыз. Бүгүнкү күндө бул багытта бир катар жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Башкача айтканда, дүйнөлүк деңгээлдеги кванттык технологиялардын доору деп атоого болот. Кванттын интернет сыяктуу бул долбоорлорду теориялык жактан өнүктүрүү толук мүмкүн деп эсептейбиз.
Окуучулар өз идеяларын ишке ашыруу үчүн бир айдан ашык убакыт жумшаган. Жаш окумуштуулар өздөрүнүн күч-аракетин бүткүл билими менен айкалыштырып, келечекте космосто пайдалуу кендерди өндүрүүгө жана аларды жерге жеткирүүгө мүмкүндүк бере турган бир нече ракеталарды жасашкан.
Райымбек Абилбек, 11-класстын окуучусу:
- Мында каалаган убакытында токтой албайсың. Бул жерде сиз жогорку ылдамдыкта гана кыймылдай аласыз. Буга кошумча балдар Койпер тилкесинде кыймылдоо үчүн реактивдүү кыймыл принцибин колдонушкан. Ракеталарды курууда да дал ушуну карманып, ошондой эле кээ бир асман телолорунун жайгашуусу менен байланыш принциптерин колдонгон.
Жаш ойлоп табуучулар долбоорлорун мындан ары да өркүндөтүп, бул багытта кызматын улантууну көздөшүүдө. Жакында алар келечектин учактарын коомчулукка сунушташты. Кечээ күнү келечектин учактары тааныштырылды. Алдыдагы убакытта жаш ойлоп табуучулар Бишкектеги илимий форумга, андан соң ракета таануу сынактарына катышмакчы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков