Жочу Улусунун Мурасын Окумуштуулар Астанадагы Конференцияда талкуулашты

Жочу Улусунун Мурасын Окумуштуулар Астанадагы Конференцияда талкуулашты

Борбор калаада Жочу Улусунун 800 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Казакстандык окумуштуулар бир нече жылдан бери Казак хандыгынын түптөлүшүнө салым кошкон улуу империя – Жочу Улусун жана анын тарыхын терең изилдеп келишет. Чет элдик адистер да бул тенденциядан артта калышпайт. Алардын бири – «Алтын Ордо» изилдөө борборунун жетекчиси-Ильнур Миргалеев. Анын пикиринде, казакстандыктар байыркы түрк дооруна көңүл бурушу керек-ал казак мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө байланыштуу жаңы жыйынтыктарды берет. Канадалык университеттин дагы бир эксперти – Ли Джу Ёп илимий эмгектеринде түрк элдеринин мурасын жана алардын өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө өзгөчө басым жасаган. Окумуштуу өзү аныктаган илимий маалыматтарды казак тарыхчыларынын талкуусуна койду.


Ильнур Миргалеев, М.А.Усманов атындагы алтын ордо жана татар хандыктарын изилдөө борборунун жетекчиси:


- «Алтын Ордо», «Жочу Улусу» Монгол империясынын өзүнчө бир улус катары башат алат. Ошол себептен ал дароо көз карандысыз боло алган жок. Бул бир нече тарыхый мезгилдерге бөлүнгөн. Аны 1207-жылдан баштап биринчи этап катары баштоого болот. Ошол учурда Чыңгыз хан тун уулу Жочуга өзүнчө аймак берген. Улуттун таанылышына жана ошол улуттук өзгөчөлүктүн сакталышына таянган негизги фактор-бул тарых, башкача айтканда, мамлекеттин тарыхы.


Ли Джю Юп, Торонто Университетинин окутуучусу:


- Мен колдо болгон, оозеки маалыматтардын негизинде изилдөө жүргүзөм. Ал Жочу жана Чагатай элдеринин мурасына негизделген. Менин ишимдин башкы максаты-табылган маалыматтарды казак элине табыштоо. Бул изилдөө мага монгол, чагатай, жочу жана кээ бир осмон-түрк тилдерин үйрөнүүгө мүмкүндүк берди.


Которгон: Илгиз Жамалбеков