Казакстандык Жайык өзөнү тууралуу энциклопедиялык фото жыйнагы жарык көрдү

Казакстандык Жайык өзөнү тууралуу энциклопедиялык фото жыйнагы жарык көрдү

Казакстанда Жайык дарыясы жөнүндө энциклопедиялык фото жыйнак жарык кеөрдү. Орусиядан башталып, Каспийге куюлган трансчек аралык суу булагынын узундугу 2 жарым миң чакырымдан ашат. Сууну өлкө аркылуу  жеткирилген аймак миң чакырымды түзөт. Эки өлкөнү бириктирген дарыя көлөмү боюнча Европада үчүнчү орунда турат. Сүт эмүүчүлөрдүн, жана сойлоочулардын көптөгөн түрлөрү кездешет. Китеп суу булагынын уникалдуу экосистемасын, жаныбарлар дүйнөсүн коомчулукка тааныштыруу максатын көздөйт. Басылмада 20га жакын атамекендик жана чет элдик фотографтардын даректүү эмгектери берилген. Анын флорасы жана фаунасы тууралуу казак, орус жана англис тилдеринде маалымат берилди. Андагы маалыматтар Жайыкка жасалган илимий экспедициялардын жүрүшүндө топтолду. Жыйнактын авторлору фотоальбом жаратылышты сүйүүчүлөр жана аймак таануучулар үчүн пайдалуу болот деп ишенишет.

Айбын Шагалак, «Aqjaiyq» фото жыйнагы чыгармачылык тобунун жетекчиси:

- Окуган адамдар Жайык аймагында кандай жаныбарлар дүйнөсү бар экендигин жакшыраак билүүгө, таанууга жана ошол аркылуу аларга болгон боорукердигин, экологиялык сабаттуулугун жогорулатууга деген максатты кармандык. Мурунтан ак куунун мекени деп ырга кошкон Жайык болгондон кийин ал жакта канаттуулардын көп экендиги түшүнүктүү. Казакстанда канаттуулардын 500гө жакын түрү болсо, алардын 300гө жакыны Жайыкта кездешет. Дагы  15 түрү кызыл китепке, 6 түрү эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл тизмесине киргизилген. Бул жерде канаттуулардын ар бири үчүн жеке изилдөөлөрдү жүргүзсө болот. Мунун баарын убакыт көрсөтөт, бирок пландар бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков