Казакстандын борборунда ISAACтын 15-Эл аралык
конгресси башталды. Бул математика дүйнөсүндөгү эң ири окуялардын бири. Быйыл
ал биринчи жолу Борбор Азияда өтүп жатат. Бул казак математика мектебинин
жогорку деңгээлин жана таанылышын баса белгилейт. Астанага дүйнөнүн ар кайсы
бурчунан 700дөн ашуун катышуучу келди. Алардын арасында жасалма интеллект
боюнча серепчилер, Кембридж, Нью-Йорк университетинин, Лондондогу Империал колледжинин
профессорлору бар. Белгилей кетсек, конгрессте окумуштуулар бир жуманын ичинде
математика жана ага байланыштуу дисциплиналардагы актуалдуу илимий
жетишкендиктерди, жаңы ыкмаларды жана методдорду талкуулашат. Иш-чара салттуу
түрдө бир нече жылда бир өткөрүлүп, дүйнөнүн алдыңкы окумуштууларын чогултаары
белгилүү. Буга чейин ал АКШда, Жапонияда, Германияда, Канадада, Улуу Британияда
өткөн.
Дурвудхан Сураган, ISAAC-2025
15-конгрессинин төрагасы:
- Казакстан үчүн бул илимди
жайылтууга жана өлкөнүн дүйнөлүк илимий коомдогу макамын жогорулатууга карай
маанилүү кадам. Бул жерде математика жаатындагы Нобель сыйлыгына теңдеш
сыйлыктардын лауреаттары бар. Ошондой эле, меценаттардын колдоосунун аркасында
100 жаш окумуштуу конгресске келе алышты. Бул жерде алар белгилүү математиктер
жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен баарлашып, тажрыйба алмаша
алышат.
Мартин Хайрер, Медали Филдс
лаурети:
- Бул айлана-чөйрөнү сүрөттөгөн
теңдемелер менен алектенген математиканын бөлүмү болгон анализ боюнча эң ири
конгресстердин бири. Борбордук Азияда мындай ири математикалык конгресс биринчи
жолу өтүп жатат. Бул жерде болгонума абдан кубанычтамын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

