184 казакстандык Болашак стипендиясынын ээлери аталды

184 казакстандык Болашак стипендиясынын ээлери аталды

184 казакстандык «Болашак» стипендиясынын ээлери дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында магистратура жана докторантурада билим алышат. Мамлекеттик кеңешчи чет өлкөдө кадрларды даярдоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Мындан тышкары мамлекет башчынын тапшырмасы менен ата мекендик окумуштууларды дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлорунда даярдоо маселеси да талкууланды. Ерлан Карин илимий кадрларды даярдоого гранттарды бөлүүдө ата мекендик илимдин бардык артыкчылыктуу багыттары камтылышы керектигин айтты. Жыйынды жыйынтыктап жатып, мамлекеттик кеңешчи «Болашак» стипендиялык жана илимий такшалма программасына сынактык тандоону улантуу жана андан ары өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков