Жаңы окуу жылында 4 миллионго жакын казакстандык окуучу мектеп партасына отурду. Өлкөнүн окуу-агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, 360 миң бала 1-класска барды. Белгилей кетсек, эми жаңы окуу жайларда 90 миңге жакын бала билим алат. 200 миң окуучу оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептерге которулду. Аяк оона айынын 1нен тарта 178 мындай билим берүү борборлору эшигин ачты. Мындан тышкары миңдеген айыл мектептери реконструкцияланды. Региондордо предметтик класстар жаңыланып, модернизацияланды. Тактап айтканда, 1,5 миң жаңы окуу кабинеттери керектүү курал-жабдуулар жана камсыздалды. Дагы бир айта кетчү нерсе, 9 «Ыңгайлуу мектеп» ачылды. Жыл аягына чейин мындай дагы 217 билим ордосун ачуу мерсердей жатат. Эске сала кетсек, “Ыңгайлуу мектеп” долбоору Казакстан президентинин тапшырмасы менен ишке ашырылууда.
Гани Бейсембаев, Окуу-агартуу министри:
– Бардык мектептерди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу үчүн 1731 окуу борборуна STARLINK спутник интернети орнотулду. Мындай колго алынган чаралардын аркасында мектептердеги интернеттин сапаты 3 эсеге жогорулады. 111 аянтчада окуу китептеринин 100 пайызы санариптик форматка өткөрүлдү. Азыркы учурда министрлик мамлекеттик жалпы билим берүү стандартын түзүү үчүн жасалма интеллектти киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков