Казакстандын
санариптик трансформация боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы дүйнө жүзүндө айтылууда.
The World Financial Review басылмасы бул процесске аналитикалык макала арнады. Материалда
Казакстан IT технологиялар жаатында аймактык лидер болуп баратканы белгиленген.
Өлкөдө финтех-секторду өнүктүрүү менен гана чектелбестен, мамлекеттик
кызматтарды санариптештирүү, кең тилкелүү интернетти колдонууну кеңейтүү,
жасалма интеллект экосистемасын түзүү жана стартап чөйрөсүндө активдүү эл
аралык кызматташтыкты жүргүзүү системалуу түрдө ишке ашырылууда. Жыйынтыгында,
Казакстан онлайн кызматтарды өнүктүрүү деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң мыкты он
өлкөнүн катарына кирет жана Евразияда санариптик модернизациянын үлгүсүнө
айланууда. Бул тизмеде Казакстан Түштүк Корея, Эстония, Дания жана башка
өлкөлөр менен лидерликти бөлүшөт.
Которгон: Назира Бегалиева

