Казакстандын
борборунда Кардифф университетинин кампусу ачылды. Бул университеттин Улуу
Британиядан тышкары жерлердеги биринчи филиалы жана Борбор Азиядагы Russel
Groupунун биринчи өкүлү – Британиянын Ivy League аналогу. Бул жылы университет
315 студентти кабыл алды, алардын 300ү мамлекеттик гранттардын негизинде
окушат. Бул жерде төрт багыт боюнча билим алууга болот - компьютердик илимдер,
бизнести башкаруу, жарандык курулуш жана геология. Белгилей кетсек, акыркы үч
жылда Казакстанга 40 чет элдик университет тартылган жана Кардифф алардын бири
болуп калды.
Венди Ларенр, КАРДИФФ университетинин президенти жана
вице-канцлери:
- Биз
Data Science багыты боюнча студенттерди окутабыз, алар Борбор Азияда
жасалма интеллект, маалыматтарды талдоо жана технологиялык инновациялар
жаатында Казакстандын өнүгүшүнө салым кошо алышат. Биздин студенттер бул процесстин борборунда болуп, бул
тармакта Казакстандын келечегин түзүүдө маанилүү роль ойношу керек. Биздин
Business Management багыты боюнча студенттер Казакстандын экономикасы өскөн
сайын компанияларда, Казакстандык эле эмес, Астанада жайгашкан эл аралык
компанияларда жана балким анын чегинен тышкары дагы алдыңкы позицияларды ээлей
алышат.
Саясат Нурбек, Илим жана билим берүү министри:
- Университетке УБТ боюнча эң жогорку балл алган
абитуриенттер тапшырды. Быйыл IELTS боюнча эл аралык тест болуп, 10
казакстандык максималдуу 9 балл алды, алардын 9у Кардиффке тапшырды. Демек, биз
эми таланттуу балдарыбызды чет өлкөгө жөнөтпөй, эң күчтүүлөрүнө Казакстандагы
эң мыкты чет элдик жогорку окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүк бере
алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

