ЖККУнун парламентарийлери баңги жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларын талкуулашты

ЖККУнун парламентарийлери баңги жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларын талкуулашты

Казакстандын депутаттары Кыргызстандын борборунда ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин жыйынына катышты. Тараптар баңги зат жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды талкуулашты. Казакстандык делегация башчысы-Мажилистин спикери Ерлан Кошанов кесиптештеринин көңүлүн уюмга мүчө өлкөлөрдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана интернет-алдамчылык көбөйүп жатканына бурду. Ал бул глобалдык чакырыктарды мыйзамдуу түрдө токтотуу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө чакырды.

Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр барган сайын трансулуттук коркунучтарга туш болууда. ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясы синтетикалык баңгизаттарга жана киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жалпы укуктук мейкиндикти түзүүгө көмөктөшө алат деп ишенебиз. Казакстандык депутаттар бул ишке жигердүү кошулууга даяр. Президент Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин тапшырмасы боюнча мыйзам чыгаруу деңгээлинде баңги кылмыштары үчүн жоопкерчилик кыйла күчөтүлдү. Парламенттин ушул сессиясынын соңуна дейре биз интернет-алдамчылык үчүн жоопкерчиликти мыйзамдуу түрдө күчөтүүнү пландап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамлабеков