Казакстандын ЖККУдагы төрагалыгынын жыйынтыктары

Казакстандын ЖККУдагы төрагалыгынын жыйынтыктары

Орусиянын борборунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда Казакстандын төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Парламенттин Мажилисинин спикери Ерлан Кошанов ЖККУ бул мезгилде кызыкдар өлкөлөр жана эл аралык түзүмдөр менен кызматташтыкты тереңдеткенин белгиледи. КМШ жана ШКУ мамлекеттери менен байланыштар өнүктү. ЖККУ БУУнун байкоочу макамын алганына быйыл 20 жыл толду.

 

Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:

 

- Өнөктөштөр менен макулдашылган биргелешкен иштин аркасында Казакстан Республикасынын төрагалыгы учурунда ЖККУнун алдында турган бардык милдеттер аткарылды. Астанадагы жолугушууда өлкөлөрдүн президенттери Казакстандын төрагалыгынын жүрүшүндө өткөрүлгөн иш чараларга жогору баа беришти жана ЖККУнун мындан аркы өнүгүүсүнө багытталган маанилүү документтерди кабыл алышты. Тыгыз координациялоодо жана кызыкчылыктарды өз ара эске алууда биз ЖККУнун парламенттик чен-өлчөмүн ырааттуу өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө болгон жалпы багытыбызды улантабыз деп ишенем.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков