Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулары Казакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча республикалык референдумду ачык-айкын, ишенимдүү жана демократиялык деп таанышты. Алардын баамында, добуш берүү жогорку уюштуруучулук деңгээлде жана ишеним атмосферасында өттү. Муну менен катар миссия казакстандыктардын жогорку жарандык активдүүлүгүн, ошондой эле участкаларда иштеген комиссиялардын ырааттуу ишин белгиледи. Алардын айтымында, добуш берүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, калыстык принциптери сакталган. Миссиянын өкүлдөрү референдум өлкөдөгү демократиялык процессти андан ары өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болгонун баса белгилешти.
Алексей Чепа, эл аралык байкоочу, ШКУ:
– Мен бул олуттуу өзгөрүүлөр эл тарабынан келечекке карай кадам катары кабыл алынып жатканын белгилегим келет. Бул аракеттер бийликти көбүрөөк структуралаштырууга багытталган деп эсептешет. Президент парламентке көбүрөөк ыйгарым укуктарды берип жатат, демек, элге көбүрөөк укук берилүүдө, анткени эл парламентти шайлайт. Бул билдирүү эл үчүн маанилүү. Кадам абдан жоопкерчиликтүү жана бүгүнкү күндө Казакстан буга даяр деп айтууга болот.
Артур Кохоев, эл аралык байкоочу, ШКУ:
– Биздин баамыбызда, бүгүнкү күндө референдум абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат деп ишенимдүү айта алам. Уюштуруу жагынан да, техникалык жагынан да көптөгөн жагдайлар эске алынган. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да шарттар түзүлгөн, бүгүн биз адамдардын шайлоо участкаларына келип, тигил же бул тандоосун жасап жатканын көрдүк.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

