Казакстан президенти бир катар мамлекеттердин элчилерин ишеним грамоталарын кабыл алды

Казакстан президенти бир катар мамлекеттердин элчилерин ишеним грамоталарын кабыл алды

Акордада Казакстандын Президентине сегиз мамлекеттин – Украинанын, Индиянын, Алжирдин, Швециянын, Бельгиянын, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын, Латвиянын, Грузиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлүнүн ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Президент өзүнүн куттуктоо сөзүндө Казакстан көп векторлуу жана тең салмактуу тышкы саясатты ырааттуу түрдө ишке ашырып жатканын баса белгиледи. Ал өлкө конструктивдүү диалогго жана өз ара пайдалуу кызматташууга ачык экенин белгиледи. Мамлекет башчысы жаңы дайындалган элчилер Казакстан менен өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого жана кеңейтүүгө көмөктөшөт деген ишенимин билдирип, аларды дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков