К. Токаев Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрин кабыл алды

К. Токаев Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрин кабыл алды

Казакстандын Президенти Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин өткөн жылдагы жана 2026-жылдын алгачкы беш айындагы иштеринин жыйынтыгы тууралуу отчетун укту. Аскарбек Ертаев мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери өз убагында жана толук көлөмдө аткарылып жатканын билдирди. 2025-жылы пенсияларга жана жөлөкпулдарга дээрлик 6 триллион теңге жумшалды. Ал эми ушул жылдын башынан бери – 2,5 триллион теңгеден ашык каражат сарпталды. Өлкө боюнча жалпысынан 200 миңден ашык жаран жумушка орношту. Быйыл туруктуу жумуш орундарынын саны 3 миллионго жеткирүү милдети турат. Мындан тышкары, Маңгыстау жана Павлодар облустарында жасалма интеллект технологияларын киргизүүнүн алкагында «Санариптик иш менен камсыздоо кызматы» пилоттук режимде ишке киргизилет. Мамлекет башчысы тармакты мындан ары санариптештирүү, жумушчулардын укуктарын коргоо, жарандарды колдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, бардык чаралар элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталышы керек.

Аскарбек Ертаев, Эмгек жана калкты социалдык коргоо министри:

Калкты иш менен камсыз кылуу жаатында конкреттүү жыйынтыктар бар. Өлкө боюнча жалпысынан 201 миңден ашуун адам жумушка орноштурулду, анын ичинде 75 миңге жакын жаштар жумуш табышты. Бул иштин алкагында санариптик чечимдерди кеңири киргизүү жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу пландалууда. Мен эмгек мамилелерин санариптештирүү жөнүндө баяндадым. Учурда электрондук форматта 6,7 миллион эмгек келишими түзүлгөн. Ошондой эле, өндүрүштүк жаракаттарды жана кырсыктарды алдын алуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков