Казакстан менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин соода жүгүртүүсү өткөн жылы 82 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч 5%га өстү. Бул жаатта айта кетчү жагдай бирикмеге кирген өлкөлөр бир жылдын ичинде Казакстан экономикасына бир жарым миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Бизнес-структуралар менен ишкердик топтору кызматташтыктын масштабын кеңейтүүдө. Шериктештик экономиканын негизги тармактарын толугу менен камтыйт. Бул агро өнөр жай комплекси, унаа жасоо, логистика, медицина, билим берүү, IT, туризм жана башка тармактар. Соода байланыштары кеңейип, экспорттун көбөйүүдө, биргелешкен ишкерлик өнүгүп жатат. Өз ара аракеттенүүнүн натыйжалары Астанада өткөн ассоциациянын ишкерлер кеңешинин жетинчи пленардык сессиясында талданды.
Райымбек Баталов, Улуттук ишкерлер палатасы
президиумунун төрагасы:
- Казакстан аймагында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча
кеңешке мүчө өлкөлөрдүн капиталынын катышуусу менен 36 миңден ашуун компания
катталган. 2023-жылы биргелештик өлкөлөрдөн Казакстанга инвестициялардын көлөмү
1,6 млрд долларды түздү.
Бизнес процесстерге санариптик
технологияларды киргизүү өз ара соода-экономикалык мамилелерди тездетүүгө
өбөлгө түзөт. Бул жаатта
өлкөнүн башкалар менен бөлүшө турган нерсеси бар. Казакстан быйыл Түштүк Корея сыяктуу
дүйнөлүк рейтингдин лидери менен бирге OСИ онлайн-кызматтарынын индекси боюнча 10-орунга
чыкты. Ошондой
эле, республика БУУнун глобалдык рейтингинде 193 өлкөнүн ичинен 24-орунга жайгашты. Ал деңизге чыга албаган өнүгүп келе
жаткан өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков