Казакстандын чет өлкөлүк деңиз терминалдары бир эле учурда бир нече өлкөлөрдө пайда болушу мүмкүн. Алгачкысы ушул жылдын чын куран айында Грузиянын Поти шаарында ишке киргизилет. Анын курулушун эки жыл мурун казакстандык инвестор баштаган. Долбоордун жалпы баасы 30 миллион долларды түзөт. Жаңы ички терминал жылына 120 миң контейнерди өткөрүүгө жөндөмдүү. Поти портунда 20дан ашык крандар жана 17 чакырымдык темир жол бар. Бул Казакстанды Борбор Азиядагы негизги транзиттик хабга айландыруу үчүн дагы бир маанилүү кадам болот. Транспорт коридорунун багыты өлкөдөн башталып, Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга, андан ары Грузия менен Кара деңизге өтөт. Ал эми арткы багытта жүк агымы Казакстан аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнө өтөт. Чет өлкөлүк терминалдардын кубаттуулугу ички коридорлорго кошумча жүк транзитин тартууга жардам берет.
Жасулан Керимбаев, Транспорт министрлиги башкармасынын
башчысы:
- Жакынкы арада мындай долбоорлорду Азербайжандын Алят
портунда, Венгрияда жана Румыниянын Констанца терминалында ишке ашыруу көздөлүп
жатат. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Быйыл Алят портунда долбоорду ишке киргизебиз.
Биздин максат – Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун алкагында алгачкы
этапта жүк ташуу жөндөмдүүлүгүн 10 миллион тоннага жеткирүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

