Ал эми 95%ы оптикалык желеге кошулат. Ошол эле учурда өлкөнүн ири шаарларында жана облус борборлорунда 5G мобилдик технологияларынын үлүшү 75%га чейин өсөт. Бул максаттар 2023-2027-жылдарга карата “Жеткиликтүү интернет” улуттук долбоорунда каралган. Документти Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги иштеп чыгууда. Ага турмуш-тиричиликтен баштап бардык социалдык-экономикалык жана өндүрүштүк объектилер кирет. Ал тургай, жолдо жүргөн жарандар да интернеттен тыш калбашы керектиги каралган. Бул үчүн республикалык жана облустук маанидеги жолдордун четине интернет желелерин тартуу пландалган. Мунун баарын ишке ашыруу үчүн долбоордун алкагында 3 жарым миңден ашык базалык станцияларды куруу мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков