«URKER-2021» сынагына арыздарды кабыл алуу башталды

«URKER-2021» сынагына арыздарды кабыл алуу башталды

Казакстанда «URKER-2021» Улуттук сынагына арыздарды кабыл алуу башталды. Салтка айланган сынакка өлкө аймагында медиа-контентти даярдаган жана жайылткан республикалык жана аймактык радио, басма сөз жана интернет-басылмалар катыша алат.

Уюштуруучулардын негизги талаптарынын бири – сынактын эмгектери өткөн жылдын жетинин айынын 1нен үстүбүздөгү жылдын кулжа айынын 1 аралыгында жарыяланууга тийиш. Калыстар тобу фото сүрөт, репортаж, аналитикалык материал, журналисттик изилдөө, маектешүү, окуу материалы, радио долбоор, жаңылыктар порталы, гезит, журнал жана Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган материал сыяктуу 11 категория боюнча жеңүүчүлөрдү аныктайт. Акыркысы – атайын номинация.

Айжан Мусинова, «Медиа өнүктүрүү фонду» корпоративдик корунун башкы мүдүрүнүн орун басары:

- Бул категорияда Казакстандын эгемендүүлүк жылдарындагы өнүгүүнүн ар кандай баскычтарында өнүгүүсү, буга чейин өлкө үчүн өзгөчө окуялар жөнүндө басма сөздө, интернет порталдарында жана радиодо жарыяланган ар кандай материалдар катыша алат. Ага ылайык, быйыл биринчи жолу кошулган жаңы номинация «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата мыкты материал» деп аталат. Азыркы учурда бул тема алкагында бир топ материалдар жарыяланып жатат. Ошондуктан аталган категориядагы атаандаштык абдан жогору болот деп күтүлүүдө. Биз үчүн журналисттердин кесиптик майрамынын алдында мындай сынакты жарыялоо абдан маанилүү болду. Эмгектер ар бир категория боюнча түшүп жатат.

Ар бир талапкер эки гана номинацияга гана катышууга укуктуу. Көз карандысыз калыстар тобунун мүчөлөрү кирген кесипкөй журналисттер, тармактын эмгек сиңирген ишмерлери жана Азербайжан менен Германиянын эл аралык медиа серепчилери сунушталган эмгектерди баалашат. Улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнө бир миллион теңге акчалай сыйлык берилет.

Эске салсак, сынак басма, радио жана интернет журналистика жаатындагы мыкты жетишкендиктери үчүн берилет. Арыздар urker-awards.kz расмий сайтында кулжа айынын 15не чейин кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков