Казакстанда жыл аягына чейин 34 миң орундуу 322 бала бакча пайдаланууга берилет

Казакстанда жыл аягына чейин 34 миң орундуу 322 бала бакча пайдаланууга берилет

Казакстанда жыл аягына чейин 34 миң орундуу 322 бала бакча пайдаланууга берилет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында окуу-агартуу министри Асхат Аймагамбетов билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын алты айында 13 миң орундуу 140 бала бакча ачылган. Мунун аркасында 3 жаштан 6 жашка чейинки балдарды камтуу 99%га жетти. Ошондой эле, программаларын модернизациялоого көңүл бурулууда.

Асхат Аймагамбетов, Казакстандын окуу-агартуу министри:

- Бала бакчада оюн аркылуу өзүнө ишенген, кыйынчылыктарга чыдамдуу, ден соолугу чың, ачык жана чыгармачыл ой жүгүрткөн балдарды тарбиялап, патриоттук, эмгекчилдик, билимге умтулуу, сыяктуу баалуулуктарды чыгармачылык жана кыймыл аракетин оюн аркылуу өстүрөбүз. Тарбиячылардын квалификациясын жогорулатуу жана аларга талаптарды күчөтүү боюнча иштер уюштурулууда.

Министр «Ыңгайлуу мектеп» пилоттук улуттук долбоору иштелип жатканын айтты. Жаңы курулуш нормалары боюнча 2025-жылга чейин 840 миң орундуу мектеп куруу пландалууда. Асхат Аймагамбетов мамлекеттик колледждер ишканалар менен тыгыз байланышта болоорун кошумчалады. Эмгек рыногунун талабына ылайык кадрларды даярдоо үчүн 500гө жакын ишкана окуу борборлору менен байланыш түзүлдү. Жалпы кесиптик жана техникалык билим берүүнү камтуу үчүн бюджеттен кошумча 45 миң орун бөлүнсө, быйыл рекорддук көрсөткүчкө — 128 миңге жетти.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков